You are here

You are here

  • His Highness the Aga Khan reviewing progress on the Naryn campus, the first of the University of Central Asia's three new undergraduate campuses. Two other campuses are being built in Tajikistan and Kazakhstan.
    AKDN / Mikhail Romanyuk
Улуу даражалуу Ага Хан Нарын шаарындагы БАУ кампусун өнүктүрүү иштерин илгерилетүүгө көз салууда

Бишкек (Кыргыз Республикасы), 2014-жылдын 3-ноябры – Улуу Даражалуу Ага Хан, Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Канцлери бүгүн Кыргыз Республикасында, Тажикстанда жана Казакстанда жайгашкан БАУ бакалавриат программасынын жаңы үч кампусунун биринчисинде - Нарын шаарындагы кампуста болду.

КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мырза, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов мырза жана Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев мырза, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев мырза, ошондой эле БАУ жетекчилиги коштоп жүргөн БАУ Канцлери Нарын шаарындагы Курулуштун биринчи кезеги менен таанышты. Анын алкагында академиялык бөлүктүн, 150 студентке эсептелинген жатаканалардын имараттары жана эл аралык спорттук курулмалар тургузулмакчы. Нарын дарыясынын жээгинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген 252 гектар аянтта жайгашкан кампустун башкы планы жана эскиздик долбоору көптөгөн беделдүү сыйлыктардын ээси болгон “Арата Исозаки жана өнөктөштөр» архитектуралык фирмасы тарабынан иштелип чыккан.

БАУ 2000-жылы Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана Казакстандын Президенттери жана Улуу Даражалуу Ага Хан менен биргеликте уюштурулган. БАУнун миссиясы Борбордук Азияда бүткүл дүйнөдө таанылган жогорку билим берүүнүн стандарттарын камсыздоодо жана бүтүрүүчүлөрдү аймактын экономикасына жана коомдоштуктарына лидерлик жана инновациялар түрүндө салым кошуусун ишке ашырууга даярдоодо турат.

Улуу Даражалуу Ага Хан курулуштун графиги сакталып жаткандыгына жана окуучулардын алгачкы тобу 2016-жылдын сентябрында кабыл алына тургандыгына ыраазы болду. Студенттер окутуунун наркын төлөй алгандыгына же төлөй албагандыгына карабастан билим алуудагы жетишкен ийгиликтерине жана артыкчылыктарына жараша кабыл алынмакчы.

«Бүгүн биз сапаттуу билим жана изилдөөлөр туруктуу өнүгүүгө алып баруучу билим коомунда жашап жатабыз. Биздин эң күчтүү тилегибиз Борбордук Азия Университети Борбордук Азиянын тоолуу аймактарында жашаган жыйырмадан отуз миллионго чейинки жарандарга окутуу жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кыла алат» - деди Улуу Урматту Ага Хан. «БАУнун Нарын кампусу биринчи студенттерин 2016-жылы кабыл алышы мени абдан кубандырат. Алар уникалдуу дүйнөгө белгилүү университеттер менен биргеликте иштелип чыккан программалар боюнча билим алуу менен бирге эң жакшы академиялык жана турак объекттерин пайдалана алышат».

БАУ сунуштаган беш жылдык программа өзүнө даярдоочу, дисциплиналар аралык, кесиптик багыт берүүчү жана пререквизиттик курстарды, ошондой эле алты негизги адистиктерди тандоону камтыйт. Үч кампустун ар бири төмөнкү алты адистиктин ичинен эки негизги адистикти сунуштай турган болушат: «Маалыматтык технологиялар», «Экономика», «Коммуникация жана ЖМК», «Жер жана курчап турган айлана-чөйрө жөнүндө илим”, «Бизнес жана менеджмент» жана «Инженердик иш». Студенттерде ошондой эле төмөнкү экинчилик адистиктерден тандоо мүмкүнчүлүктөрү болот: «Борбордук Азиянын изилдөөлөрү», «Өнүгүү жөнүндө илимдер» жана «Глобализация маселелерин изилдөө».

Канцлер жана анын делегациясы ошондой эле Нарын шаарындагы БАУнун Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим алуу мектебинде (КҮБМ) болушту. Бул мектеп билим берүүнүн сегиз жаатындагы 50дөн ашык кесиптик жана техникалык программаларды сунуштайт жана аймактагы алдыңкы билим берүүчүлүк адабиятты жана материалдарды басып чыгаруучу болуп саналат. 2006-жылдан тартып КҮБМ Кыргыз Республикасындагы 19 000ден ашуун угармандарды өз ишмердүүлүгүнө камтый алды.

БАУнун биринчи кампусунун курулушунда азыркы тапта 350дөн ашык жумушчулар жана адистер иштеп жатат, мында алардын 50 пайызынан ашыгы Нарын шаарынын жана Нарын облусунун жашоочулары болуп саналат. 2012-жылы курулуш аянтчасындагы даярдоочу иштердин аягына чыгуу боюнча иштелип чыккан бардык макулдашуулар тең Нарын шаарынын жана Нарын облсунун курулуш мекемелери менен түзүлүп, алардын кызматкерлеринин 100 пайызы Нарын шаарынын жашоочулары болуп саналат. Белгилеп кое турган нерсе – бул макулдашуулардын аркасында 48 000ден ашык адам-күндүк ишке орношуу камсыздалды. 2013 жана 2014-жылдарда жергиликтүү денгээлде Кыргыз Республикасынын курулуш компаниялары менен жалпы суммасы 6,5 млн. АКШ долларын
түзгөн макулдашууларга кол коюлган. Курулуш иштери илгерилеши менен 20-30 подряддык макулдашууларга тендер жарыяланып турат; алардын көпчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн курулуш компанияларына артыкчылыктар берилет. Алар, өз кезегинде, Нарын шаарынын жана Нарын облусунун жашоочулары үчүн жок дегенде 50 пайыз жумушчу орунду камсыздоого милдеттүү болушат. Аба-ырайынын катаалдыгына карабастан, Нарын шаарындагы курулуш аянтчасындагы курулуш иштери 2013-жылдагыдай эле бастырмаларды колдонуунун жана
өндүрүш иштери жүргүзүлгөн жайларды жылытуунун аркасында катаал аба-ырайынын таасирине туруштук берүү менен кыш мезгилинде да улантыла берет.

Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы жана БАУ Кеңешинин Аткаруу комитетинин аткаруучу төрагасы Шамс Кассим-Лакха мырза мындайча комментарий берди: «БАУ Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун бир бөлүгү болгондугунан улам ээ болгон артыкчылыгын ишке ашырууда, ал эми бул болсо азыркы тапта Борбордук Азиянын, Африканын жана Улуу Британиянын бир нече өлкөлөрүндө иш алпарып жаткан белгилүү Ага Хан Университетин өнүктүрүү жаатында АКДН тажрыйбасын колдонууга мүмкүнчүлүк берет». «Билим берүү болуп саналат. Ал билим берүү жана изилдөө иштерине берилген жана шыктанган профессордук-окутуучулук курамдын болушун талап кылат. 2016-жылы Нарын шаарындагы кампусту ачуу менен биз Борбордук Азиядагы аймактык жогорку окуу жайынын биринчи кампусун ачып, жашообуздагы жаңы баракты баштайбыз”, - деп белгиледи ал.

Кошумча маалыматты www.ucentralasia.org дареги боюнча же төмөнкү байланыш маалыматтары боюнча алса болот:
Нисар Кешвани
Коммуникация жана ЖМК бөлүмүнүн
жетекчиси
Борбордук Азия Университети
Борбордук администрация
Токтогул көчөсү, 138
Бишкек, 720001, Кыргыз Республикасы
Тел.: +996 (312) 910 822
Сот: +996 (0) 770 822 851
Email: nisar.keshvani@ucentralasia.org

Эскертүү:
Улуу даражалуу Ага Хан Исламдын шииттер канатынын мусулман-исмаилиттеринин 49-мурасчы Имамы (Руханий лидери) жана Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун (АКДН) түзүүчүсү жана төрагасы болуп саналат. Исламдын моралдык-этикалык салттарынын алкагында диний лидерлер диний ынанымдын постулаттарын гана түшүндүрүп тим болбостон, өз коомдоштуктарынын жана өздөрү жашаган коомдун жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртуу үчүн да жооптуу болушат. Улуу даражалуу Ага Хан үчүн бул АКДН агенттиктеринин өнүгүү маселелери менен 50 жылдан ашуун убакыттан бери
алектенип келе жаткан ишмердүүлүгүнө эң жогорку деңгээлде катышуу дегенди билдирет.

Ага Хандын өнүгүү боюнча уюму (АКДН) – бул өзгөчө Борбордук жана Батыш Африкадагы, Борбордук жана Түштүк Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы коомдоштуктардын жана жарандардын жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртуу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында иш алпарган өнүгүү боюнча жеке, конфессионалдык эмес агенттиктердин тобу. Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун
(АКДН) он өнүгүү агенттигинин ишмердүүлүгү жынысына, тегине же динине карабастан, бардык жарандар үчүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү маселелерине арналган. АКДН ишинин алкагы балдардын мектеп жашына чейинки өнүгүүсү, жогорку билим берүүнү өнүктүрүү жана чоң адамдарды окутуп-үйрөтүү, микронасыялык ишмердүүлүктү жана банктык, каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, маданият өкүлдөрүнүн музыкалык чыгармачылыгын жана оозеки уламыштарды колдоого алуу, жарандык коомдун институттарынын дараметин өнүктүрүү, туризм жана
инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин камтыйт. Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун (АКДН) социалдык өнүгүүгө жумшай турган бир жылдык бюджети 600 млн. АКШ долларын түзөт. Кыргызстанда 1 420га жакын адам, алардын көпчүлүгү - республиканын жарандары, АКДН менен анын ар кандай агенттиктеринде иш алпарышат.