You are here

You are here

  • Visit by Prince Rahim to Naryn Pavilion during Tour of Nomad's Universe Folklore Festival in Village “Kirchin”.
    AKDN
Канзаада Рахим Ага Хан Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

Чолпон-Ата, Кыргызстан, 6-сентябрь, 2016-жыл – Канзаада Рахим Ага Хан, Улуу Даражалуу Ага Хандын өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Президенти Улуу Урматтуу Алмазбек Атамбаевдин чакыруусуу боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Канзаада Рахим республикалар жетекчилерин, министрлерди жана башка жогорку деңгээлдеги жетекчилерди камтыган башка делегациялардын 30 башчыларынын ичинде болду.

Ачылыш аземинде жандуу музыка жана жарык менен коштолгон шоу аркылуу 1000ден ашуун аткаруучулар ар түрдүү географиялык жана маданий контекстерде көчмөн салттарга таандык, өзгөчө Кыргызстандын салттарын чагылдырган, темаларды тартуулашты. 40 мамлекеттен келген 2000ден ашуун атлеттер 20дан ашык спорттук мелдештерге катышып жатышат. Алардын катарында күрөш, ат чабуу, жаа атуу, оодарыш, көк-бөрү, Борбордук Азиядагы эң белгилүү аттуу мелдеш, жана тогуз коргоол (көчмөндөрдүн интеллектуалдык оюну).

«Кыргызстанга кайта дагы келип, укмуштуу пейзаждары менен адаттуу меймандостугуна ыракаттанып, эски жана жаңы достор менен жолугушкандыгыма өтө кубанычтуумун. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кызыктуу ачылышына, өзгөчө кыргыз элинин өз көчмөн салттарын сыйлагандыгына күбөө болгонума өтө кубандым,» - деп белгиледи Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (АКДН) делегациясын башкарган Канзаада Рахим. Аталган делегацияга Кыргыз Республикасындагы АКДНдин Дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха да кирди.

Атайын аземдин экинчи күнүнө карата курулган Нарын облусунун этноайылында Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов Канзаада Рахим менен саламдашып жатып: «Сиздин катышууңуз биз үчүн сыймык, биздин облуска келип элибиздин жашоосун жакшыртууга багытталган АКДНдин программаларынын ийгиликтүү салымын өз көзүңүз менен көрүп кетүүңүздү күтөбүз,» – деди.

Экинчи Дуйнолук көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин дуйнөдөгү көлдөрдүн ичинде чоңдугу боюнча 10-орунда турган Ыссык Көлдүн жээгинде өтөт. Ага Хан Музыкалык демилгеси боюнча окутулган музыканттар көчмөндөр оюндарынын жабуу аземине атайын даярдалган салттык чыгармаларды аткарышат.

Эскертүү:

Ага Хан Өнүктүрүү Уюму (АКДН), Улуу Даражалуу Ага Хан түзгөн, менчик, эл аралык, диний эмес өнүктүрүү уюму болуп эсептелет. Ал 30-дан ашык мамлекеттерде иштеп, 80,000-ден ашык кызматкери бар. Анын агенттиктери өнүгүү тармагында татаал проблемаларды чечүүдө сапаттуу медициналык жана билим берүү тейлөөнү, маданий жана экономикалык активдүүлүктү көтөрүүнү, микро каржылоо ишканаларын, ишкердик жана экономикалык өнүгүүнү, граждандык коомдун абалын жакшыртууну жана айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылып келүүдө. АКДН эл арасында динине, улутуна жана жынысына карабастан алардын жашоо шартын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну өзүнө максат кылып койгон. АКДН жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн www.akdn.org сайтына кайрылыңыз.